Улуттук китепкана: Тарыхты сактап, келечекке жол ачкан жай – сүрөт баян

Билим Загрузка... 24 Июнь 2026 19:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бүгүнкү күндө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана Кыргызстандын эң ири илимий-маалыматтык жана маданий борборлорунун бири болуп саналат. Китепкананын илимий иштер боюнча директорунун орун басары Сайрагүл Кырчообаеванын айтымында, анын фондунда дүйнөнүн 90 тилиндеги 6 миллиондон ашуун китеп, гезит-журнал, архивдик документтер жана башка басылмалар сакталат.

Китепкананын тарыхы 1934-жылдан башталат. Ал Кыргыз АССРинин чечими менен негизделип, 1938-жылы республикалык китепкана макамын алган. Бир жылдан кийин ага орус жазуучусу Николай Чернышевскийдин ысымы ыйгарылган. Ал эми 1990-жылы өкмөттүн токтому менен Улуттук китепкана макамын алып, 2015-жылы кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун ысымы берилген.

Алгачкы жылдары китепкана азыркы Балдар жана өспүрүмдөр китепканасы жайгашкан имаратта иш алып барган. 1984-жылы Кыргыз ССРинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен жаңы заманбап имарат курулуп, китепкана ушул жайга көчүрүлгөн.

Бүгүнкү күндө китепкананын жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзөт. Окурмандар үчүн 16дан ашуун окуу залы иштеп, жыл сайын 200 миңден 300 миңге чейин адамга кызмат көрсөтүлөт. Жыл ичинде 147 миңден ашуун документ окурмандардын суроо-талабы боюнча пайдаланууга берилет.

Санариптештирүү багытында китепканада “ИБРИС” электрондук каталогу иштеп, бир миллиондон ашуун китептин электрондук версиясы түзүлгөн. Ошондой эле жыл сайын мамлекеттик жана тарыхый маанилүү даталарга арналган илимий-библиографиялык көрсөткүчтөр даярдалып чыгарылат.

Мындан тышкары, китепкананын жетекчилиги жаштар үчүн заманбап шарттарды түзүү максатында коворкинг мейкиндиктерин жана Wi-Fi зоналарын ачууну пландап жатат.

Жогоруда “Кабар” агенттигинин фотокабарчысы тарткан Улуттук китепкананын уникалдуу сүрөттөрү сунушталат. Алар китепкананын архитектурасын, бай фондун, окуу залдарын жана күнүмдүк ишмердүүлүгүн чагылдырат.