Бишкек, 16.02.26. /Кабар/. Былтыр республика боюнча жалпысынан 1600 чакырымдан ашык жолдо оңдоо иштери аткарылып, анын ичинен 1 545 чакырым жолго асфальт төшөлүп, 11 ири көпүрө курулду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Бекназар Базаралиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эң негизгиси — бул сандардын артында жолчулардын чоң мээнети жана эмгеги турат.
"Жалпысынан алганда, министрликтин 2024-жылга карата бюджети 22 млрд сом болсо, былтыркы жылдагы бюджет 57 млрд сомду түздү. Анын ичинде капиталдык салымдар беренеси, Жол фондунун жана Турукташтыруу фондунун каражаттары ири долбоорлорго багытталды. Буга чейин көпчүлүк ири долбоорлор чет өлкөлүк донорлордун эсебинен аткарылып келген болсо, акыркы эки жылда курулуш иштеринин 80 пайызы республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда", — деди Базаралиев.
Бюджеттин эсебинен бүгүнкү күндө инвестициялык долбоорлордун көлөмүнөн кем эмес ири курулуш долбоорлору башталганын транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары белгиледи.
"Былтыр алты тилкелүү Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун курулушун баштадык. Быйыл анын экинчи этабын улантып жатабыз. Мындан тышкары, дагы бир ири долбоор Барскоон—Бедел унаа жолунун курулушу башталды. Ал жерде 30дан ашык ири жана эстокадалык көпүрөлөр каралган", — деди ал.
Ошондой эле быйыл, 2026-жылга карата өлкөдө жол куруу тармагында ири иштер пландалып жатканы кошумчаланды.