Үч айда Ленин районунда баңгизатка байланышкан 13 кылмыш иш козголду

Укук тартиби Загрузка... 28 Апрель 2026 17:00
delo_YIq32Bp.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 28.04.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 3 айында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндө 13 кылмыш иш козголгон. Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 кылмыш иш боюнча 10 адамга карата айыптары угузулуп, кароо үчүн Ленин районунун сотуна жиберилип, бүгүнкү күндө айыптоо өкүмдөрү кабыл алынууда.

Ал эми калган 6 кылмыш иш боюнча тергөө уланууда. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечимдер кабыл алынат.

Белгиленгендей, Ленин районунун прокуратурасы райондун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өндүрүшүндөгү баңгизат каражаттарыа байланышкан кылмыштарга кылдат жана тыкыр көзөмөл жүргүзүлүп келүүдө.

Бул кылмыштар жалпы коомдун тынчтыгы, жарандардын коопсуз жашоосу жана мамлекеттик органдардын иштешине коркунуч келтирет.