Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Чүй облусунда өткөн жылы аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отуруму өтүүдө.
Жыйынды ачкан президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов бүгүнкү отурумда облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын карап чыгуу менен аткарылган иштерге баа берилерин жана алдыдагы милдеттер такталарын билдирди.
Анын айтымында, бүгүн күн тартипке ылайык коллегияда негизги 3 маселе каралмакчы.
- Чүй облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча 2025-жылдын жыйынтыктары жана 2026-жылга коюлган пландары жөнүндө.
- 2026-жылдын жазгы талаа жана сугат иштерине даярдык көрүү жөнүндө.
- 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучулук тартибинин абалы жөнүндө.
Белгилей кетсек, иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиевдин катышуусунда өтүүдө. Андан тышкары, жыйынга облустун район жетекчилери, жергиликтүү башкармалыктардын өкүлдөрү катышууда.