Чоң шаарлардагы демографиялык өсүштө мектеп жетишсиздиги кантип чечилет?

Билим Загрузка... 29 Сентябрь 2025 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Акыркы жылдары өлкөдө демографиялык өзгөрүүлөр байкалууда. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында калктын саны кескин көбөйүп, мектептерде орун тартыштыгы чоң көйгөйгө айланды. Өкмөт демографиялык кырдаалды эске алуу менен Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жаңы билим берүү мекемелерин куруу тапшырмасын берди. Ал эми бул демилгенин башкы максаты – мектептерде үч нөөмөт менен окууну жоюу, класстардагы окуучулардын санын нормага ылайыкташтыруу жана ар бир балага сапаттуу билим алууга шарт түзүү.

Агартуу министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 2 394 жалпы билим берүү уюму бар. Алардын ичинен 2 170 мектеп мамлекеттик жана муниципалдык, ал эми 224ү жеке менчик билим берүү уюмдары болуп саналат.

2025-жылы республика боюнча 119 билим берүү объектиси пайдаланууга берилген.

Бишкек, Ош жана Манас шаарларында жаңы билим берүү мекемелеринин курулушу — бул өсүп жаткан калктын муктаждыгын канааттандыруу багытындагы маанилүү кадам болуп саналат.

Бул маселени өлкө башчысы Садыр Жапаров дагы “Кабар” агенттигине берген маегинде баса белгилеген.

“Мурунку жылдары 140-150 миң бала мектепке кабыл алынса, быйыл 1-2-класстарга 227 миң бала кабыл алынды — бул эки эсе өсүш. Буга чейин деле “нулевой” класска бир жыл бою 100 миңдин тегерегинде бала окуп келген.

Негизги жүк Бишкекке түшүп жатат. Бул ички миграция жана көптөгөн үй-бүлөлөрдүн туруктуу каттоонун жоктугу менен байланыштуу. Муну менен балдардын агымын алдын ала болжолдоо кыйын болууда. Урбанизация жана демографиялык өсүш темпи жогору. Биз пландын негизинде иш алып барып жатабыз. Жаңы мектептерди куруп, келечектеги курулуш инвестицияларын биринчи кезекте Бишкекке багыттайбыз.

669171641793604_big.jpg

2025-жылы республика боюнча 119 билим берүү объектиси бүткөрүлдү, алардын ичинен 68 мектеп жана 27 бала бакча курулду, ошондо дагы Бишкек шаарында мектептер тартыш. Ошондой эле 20 мектепте жана 4 бала бакчада капиталдык оңдоо жүргүзүлдү”,-деп билдирген ал.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында Курулуш министрлигине Бишкек, Ош жана Манас шаарларындагы демографиялык өсүүнү эске алуу менен, учурдагы курулуш стандарттарына, заманбап инклюзивдик талаптарга ылайык билим берүү имараттарын куруу тапшырмасын койду.

Ал эми Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсү боюнча, учурда калктын демографиялык өсүшүнө, эмгек ресурстарынын өнүгүшүнө, калктын иш менен камсыз болушуна, жашоо деңгээлинин жана материалдык базасынын жогорулашына байланыштуу социалдык мааниге ээ болгон балдар бакчалары жана мектеп мекемелеринин жетишсиздиги курч маселе бойдон калууда.

img-aso-0621.jpg

Ошондой эле бул маселени чечүүнүн эң маанилүү көйгөйү – бул жер маселеси болуп саналат. Себеби, отурукташып калган калктуу конуштарда, шаарларда да, айыл жерлеринде да, көп учурда мектептерди жана балдар бакчаларын куруу үчүн бош жер тилкелери жетишсиз. Бул маселени чечүү максатында аталган министрлик объектилерди ошол же башка аймактардын айланасына жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Андан сырткары, курулуш нормаларынын айрымдарын кайрадан карап чыгуу чечими кабыл алынды. Атап айтканда, мектептерди 4 кабатка чейин, ал эми балдар бакчаларды 3 кабатка чейин курууга мүмкүнчүлүк берүү маселеси каралууда. Бул чечим класстар менен окуу бөлмөлөрүнүн санын көбөйтүү аркылуу мектептердеги окуучулардын санын көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.