Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Калматов Данияр Алпайизович юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Данияр Калматов 1970-жылы туулган. Ал 1993-жылы Кыргыз техникалык университетинин алдындагы Бухара технологиялык институтун инженер-технолог адистиги боюнча, ал эми 1999-жылы Москва мамлекеттик социалдык университетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун Мамлекеттик бажы кызматында баштап, мамлекеттик кызматтын ар кандай кызмат орундарында 30 жылдан ашуун эмгек тажрыйбасына ээ.
Акыркы жылдары Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин директору кызматын аркалап келген.