Бишкек, 20.05.26. /Кабар/. Уланбек Султанов Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Уланбек Султанов эмгек жолун 2006-жылы Трнаспорт министрлигинин алдындагы "Кыргызжолтрансдолбоор" долбоорлоо жана изилдөө институтунан баштаган.
Жол инженери багытында мамлекеттик бир нече квалификациялык сертификаттардын, сыйлыктардын жана грамоталардын ээси.