Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору Токон Мамытов “Кабар” маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо системасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүүнү көздөгөн мыйзам долбоору боюнча пикири менен бөлүштү.
Анын айтымында, иштелип чыккан нормалар депутаттык корпустун ачык-айкын жана адилеттүү түзүлүшүнө негиз түзөт.
«Пропорционалдык системадан көп мандаттуу аймактык округдарга өтүү депутаттардын жарандардын алдындагы жеке жоопкерчилигин жогорулатат. Шайлоочулар партиялык тизме менен гана эмес, конкреттүү адамдарды тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Эгерде партиянын лидери көз каранды болуп, жеке кызыкчылыктары үчүн депутаттар тобуна үстөмдүк кылган жагдайда, жаңы тартип саясий коррупциянын тобокелдиктерин да бир топ азайтат. Өзүн-өзү көрсөтүүдө округда жарандардын ишенимине ээ болгон көз карандысыз талапкерлерге шайлоого катышууга укук жана мүмкүнчүлүктөр берилет.
Бир округдун ордуна 30 округ системасы коом менен парламентти жакындатат. Депутаттар өз ишмердүүлүгүндө аймактын жана шайлоочулардын көйгөйлөрүн сөзсүз түрдө эске алып турушат.
Жогорку Кеңеште 30 мандатты аялдар үчүн калтыруу гендердик квоталарды сактоону кепилдейт жана мамлекеттик маанилүү чечимдерди кабыл алууда алардын ролун жогорулатат. Дагы бир маанилүү жагдай – мандатты объективдүү бөлүштүрүү. Эгерде депутаттардын бири мандатын тапшырса же башка ишке өтсө, бош калган мандатты район боюнча шайлоонун жыйынтыгы боюнча 3-4-орунга ээ болгон кийинки талапкер ээлейт », - деп белгиледи Токон Мамытов.