Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Нью-Йорктун COMEX товардык биржасында алтындын бир трой унциясынын баасы 31,5 долларга төмөндөп, 4 488,4 долларды түздү.
АЗЕРТАЖ агенттиги маалымдагандай, күмүштүн да баасы 0,78 долларга арзандап, бир трой унциясы 74,78 долларды түздү.