Дыйкан-фермерлерге жеңилдетилген баада күйүүчү-майлоочу майлар берилүүдө

Коом Загрузка... 18 Февраль 2026 17:00
61545f49761a1297726.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелет. Бул тууралуу Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды.

Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куючу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө бар.

Мындан тышкары, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 2026-жылдын жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана сапаттуу өткөрүү максатында 2 млн литр дизелди дыйкан-фермерлерге 74 сомдон берип жатат. Ал эми кадимки май куючу жайларда дизелдин баасы 78-80 сомду түзөт.

Жыйында быйыл күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралбайт деген божомол бар экендиги айтылды.