Экологиялык рейд: 250 млн сом өндүрүлүп, мөңгүлөр сакталып калды

Коом Загрузка... 03 Июль 2026 18:40
737249569_1341480894837626_842091386579327722_n.jpg
copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 03.07.26. /Кабар/. Башкы прокуратура айлана-чөйрөнү коргоо жана жер казынасын пайдалануу багытындагы мыйзамдардын сакталышын текшерип, ири көлөмдөгү мыйзам бузууларды аныктады.

Мекеменин маалыматына караганда, көзөмөл иштеринин алкагында жер казынасын иштеткен айрым ишканалардын милдеттүү салык жана жерди калыбына келтирүү (рекультивация) төлөмдөрүнөн качып жүргөнү аныкталып, мамлекеттин пайдасына 250 млн сомдон ашык акча өндүрүлдү.

Ошондой эле мыйзамсыз түрдө трансформацияланган 200 гектар жер мамлекетке, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын курамына кайра кошулду.

Мындан тышкары, 400 гектардан ашык мөңгүнүн аянты сакталып калды. Ал жерлерди кен байлыктарды казуу максатында жеке тараптарга мыйзамсыз берүүгө бөгөт коюлду.

5
"Экологиялык мыйзамдардын аткарылышын дагы да күчөтүү үчүн президенттин колдоосу менен прокуратура органдарынын курамында атайын Бишкек жана Ош экологиялык прокуратуралары түзүлүп, өз ишин жигердүү баштады. Бул жаңы түзүлгөн мекемелер суу объектилерин, жаратылыш аймактарын коргоо жана жер казынасын туура пайдалануу боюнча түз көзөмөл жүргүзүшөт", - деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратура айлана-чөйрөнүн бузулушу же жаратылышка зыян келтирилген фактыларга күбө болгондорду өз укуктарын коргоо үчүн түзүлгөн атайын прокуратураларга төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болорун эскертти:

  • Бишкек экологиялык прокуратурасы: +996 312 32-35-08; +996 555 758-677;
  • Ош экологиялык прокуратурасы: +996 500 993 330; +996 552 547 647.