Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. “Эл эмне дейт” деген принцип менен той өткөрүшүп, ысырапкорчулукка жол берилип жатат. Бул тууралуу Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана чөлкөм институтунун профессору Аскарбек Беделбаев "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүнүн түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, азыр аймактарда карапайым калктын жашоо-турмушу оңолуп жатканы менен баары бирдей эмес.
“Биринин той өткөрүүгө шарты болсо, экинчиси “Эл эмне дейт” деп өткөрүшүүдө. Мисалы, тойлордо түштөндүрүү, себет, баштык дегендин баары бар. Бөтөнчө кудалашып келин алуу мезгилиндеги ысырапкорчулук абдан көзгө урунат. Нарынга барсаң 10 үйдөн түштөндүрүшөт, коноктогондон кийин бир кап эт алып келесиң. Биз ушундай нерселерден арылып, алыс болушубуз керек. Талкуудагы долбоордо ушунун баары иретке келтирилип жазылыптыр. Бирок, экинчи тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдар тарабынан көзөмөлдөнсүн деген пунтку да бар экен”, -дейт Беделбаев.
Ошондой эле ал бул тартипти күч менен киргизүү болбой турганын, элге түшүндүрүү зарыл экендигин кошумчалады.