Элеттиктерге дары акысыз берилип, медициналык кароо жүргүзүлүүдө

Аймак Загрузка... 16 Июнь 2026 18:15
WhatsApp Image 2026-06-16 at 13.54.56 (2).jpeg
copyright icon Кабар

Кайыр Жайлообекова

Бардык материалдар

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Кочкор районунда өлкөнүн көпчүлүк аймактарындай эле медициналык кызматтын жетишсиздиги сезилет. 15-июндан тарта район тургундары узун кезекке тура баштады. Себеби борбордон тажрыйбалуу дарыгерлердин жоон тобу келди. Жергиликтүү тургун, 92 жаштагы Жумалы Молдосариев да бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ден соолугун текшертип алуу үчүн атайын райондун борборуна келген.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 13.54.55 (4)

Жумалы Молдосариев, Кочкор районунун Ак-Жар айылынын тургуну

“Башым уюп ооруп жатканынан, көрүнөйүн деп келдим. Бармакка чейин бардык ооруларды текшерип жатышат. Башымды көрсөттүм, бирок диагноз чыга элек. Ошону күтүп олтурам”.

Аймактарда дарыгерлердин тартыштыгы дагы эле бар. Айрыкча неврологго муктаждык жаралат. Ак халатчандардын айтымында, жүрөк-кан тамыр оорулары да кеңири жайылган. Бул көбүнчө 40 жаштан 70 жашка чейинки жарандар арасында кездешет.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 13.54.56

Алманбет Жаңыбай уулу, кардиолог

“Жүрөк-кан тамыр ооруларынын негизги себептеринин бири — кан басымдын жогору болушу. Ошондой эле туура эмес тамактануу, кыймыл-аракеттин аздыгы жана тукум куучулук факторлор да таасир этет. Артериалдык гипертония көптөгөн оорулардын өнүгүшүнө шарт түзөт. Ал инфарктка, инсультка жана башка оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз биринчи кезекте оорулардын алдын алууга, профилактикага өзгөчө көңүл бурабыз”.

Көчмө клиникада айыл тургундары кардиолог, гинеколог, окулист, невропатолог, ЛОР, стоматолог, хирург, эндоскопист жана терапевттин кароосунан өтө алышат. Ошондой эле УДИ, лабораториялык анализдер, маммография жана рентген кызматтары көрсөтүлөт. Баары акысыз. Дарыгердин көрсөтмөсү менен керектүү дары-дармек да берилет. Зарыл учурда операция жасоо мүмкүнчүлүгү дагы каралган. Медиктерге кирүү үчүн жандуу кезек жана алдын ала жазылуу каралган.

WhatsApp Image 2026-06-16 at 13.54.55 (3)

Баялы Досалиев, Кочкор районунун акими

“Бул медициналык кароо президенттин, Саламаттык сактоо министрлигинин колдоосу менен ишке ашып жатат. Клиниканын кырк адамга чейин бата турган мобилдик унаалары бар экен. Биздин райондо болсо 600гө жакын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар. Биз ар бирин атайын унаа менен алып келип, медициналык кызмат алганга шарт түзүп беребиз”.
WhatsApp Image 2026-06-16 at 13.54.56 (1)

Белгилей кетсек, көчмө клиника заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Элет элине жалпысынан 30га жакын дарыгер кызмат көрсөтүүдө. Долбоор беш жылдан бери өлкө аймактарын кыдырып, миңдеген адамдарга медициналык жардам берип келет. Мобилдик клиника Кочкор районунда үч ай бою калктын саламаттыгына кам көрөт.