Бишкек, 16.06.26 /Кабар/. Формула-1 F1H2O чемпионаты өтө турчу Көл районуна караштуу Бает айылынын инфраструктурасы жакшыртылууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, чемпионатты өткөрүүгө даярдыктын алкагында ири капиталдык курулуштар жүргүзүлбөйт. Иш-чара үчүн чатырлар, сахна, телемунаралар, тенттер жана башка убактылуу объектилер орнотулуп, алар чемпионат өтүп жаткан мезгилде гана пайдаланылат.
“Бает айылында жүргүзүлүп жаткан иштер чемпионатты уюштурууга гана эмес, аймактын туристтик инфраструктурасын жакшыртууга да багытталган. Учурда эки чакырымга жакын жол курулуп, көчөлөрдү жарыктандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 1500 чарчы метр аянтты камтыган унаа токтотуучу жай жана көл жээгинде заманбап эс алуу аймагы менен сейил бак курулуп жатат. Ошондой эле бардык бак-дарактар жана бадалдар сакталат. Бардык курулуш жана оңдоо иштери июль айында аяктайт”, - деди ал.
Кубатов кошумчалагандай, чемпионат аяктагандан кийин бардык убактылуу курулмалар демонтаждалып, аймак толугу менен тазаланып, иретке келтирилет. Ал эми техникалык аянтча жана жаңы түзүлгөн эс алуу аймагы жергиликтүү тургундар менен туристтердин пайдалануусунда калып, аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө кызмат кылат.