Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Таш-Көмүр – Кербен – Ала-Бука мамлекеттик маанидеги
унаа жолунда асфальт төшөө иштери уланууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйылкы жылы жолдун 34-39-чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган.
Бүгүнкү күндө иштер №38 Жол тейлөө мекемеси тарабынан аткарылып, аяктоо алдында турат.
Бул жол Таш-Көмүр шаарын Аксы жана Ала-Бука райондору менен байланыштырган маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат.