Энергияны үнөмдөө - келечекке салым. Электр энергиясын үнөмдөө боюнча кеңештер

Коом Загрузка... 16 Январь 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жогорку чекке жетип, эң көп колдонуу Бишкек шаарында катталгандыгын Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мындай көрүнүш буга чейин Кыргызстандын тарыхында болгон эмес. Министрлик электр энергиясын колдонуунун бул рекорддук көрсөткүчкө жетүүсүн аба ырайынын катуу ысышы менен калк электр энергиясын ченемден ашык колдонушу менен байланыштырган.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.29.10.jpeg

Электр энергиясы эң көп сарпталган учур былтыр июлда катталып, суткалык керектөө 38,8 млн кВтс түзгөн. Ал эми быйыл 24-июлда суткалык керектөө 44,7 млн кВтс жетти. Бул - мурунку жайдагы рекорддон 15,21 пайызга көп. Ал эми Бишкекте суткалык керектөө 8,9 млн кВтс түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 31,8 пайызга көп болгон.

Кыргызстанда эле эмес, коңшу мамлекеттеринде аба ырайынын ысышына байланыштуу электр энергиясын кышкы колдонууга караганда жайкы колдонуу өскөндүгүн Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.42.29.jpeg

“Электр энергиясынын тартыштыгы Борбор Азиянын башка башка өлкөлөрүндө байкалууда. Маалым болгондой, июль айындагы нормадан ашык ысыкта Өзбекстанда электр энергиясын суткалык керектөө 272,6 млн кВтс түзүп, кышкы максималдуу 271,8 млн кВтс жана жайкы рекорддук көрсөткүч болгон 253,3 млн кВт сааттан көп болгон.

Бирок, Кыргызстанда электр энергиясын колдонуунун жогорулашы менен экономиканын өсүшүн байкасак болот. Мисалы, өлкөдө жүздөгөн ишканалар ачылууда. Азыр айыл жеринде да үй салган адам үйүнө суу жылыткыч, кир жуугуч машине сыяктуу тиричилик техникаларын кеңири колдонууда. Бул элдин жашоо-турмушу жакшыргандыгынын белгиси. Учурда ар бир үй жогору дегенде 5 кВт сааттан кем эмес электр энергиясын колдонулуп жатат. Учурда электр энергиясы бизге жетет бирок, кышында жарыксыз калбаш үчүн азыртадан үнөмдүү колдонушубуз керек”,- дейт министр.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.20.36.jpeg

Ошондой эле Энергетика министрлиги учурда Токтогул ГЭСинин төртүнчү гидроагрегатында реконструкция иштери жүргүзүлүп, Үч-Коргон ГЭСинин экинчи гидроагрегаты реконструкцияга берилгендиктен кубаттуулук кыскарып, калкка электр энергиясын үнөмдүү колдонуу кажет экенин маалымдайт.

Белгилей кетсек, негизинен жайында кондиционерлерди жана башка тиричилик техникаларын колдонуудан улам үйдө электр энергиясын керектөө көбөйүшү мүмкүн. Бирок, электр энергиясын үнөмдөө, керектөөнү азайтуу үчүн “Кыргызстан улуттук электр тармагы” төмөнкүдөй жөнөкөй кеңештерди сунуштайт:

Кондиционерлерди тазалоо жана тейлөө. Кондиционерлердин чыпкаларын өз учурунда тазалап, тейлөөдөн өткөрүү жабдуунун натыйжалуу иштешине жардам берет. Кондиционер иштеп турганда терезе, эшиктерди жабыңыз. Эгерде кондиционер терезе же эшик ачык бөлмөдө иштеп жатса, электр энергиясы текке кетүүдө.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.23.32.jpeg

Желдеткичтерди колдонуу. Жайкысын күн салкын болгон таңкы же кечки убакта кондиционердин ордуна желдеткичтерди колдонуу сунушталат. Бул ыкма электр энергиясын үнөмдөөгө жана үй ичин таза абада салкын кармоого жардам берет.

Тиричилик техникасын рационалдуу колдонуу. Мисалы, күнүмдүк турмушта колдонулбаган тиричилик техникаларын өчүрүү, энергияны аз сарптаган техникаларды тандоо.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.33.22.jpeg

Табигый жарыкты колдонуу. Күндүн нурун толук пайдалануу үчүн чоң айнек терезелерди орнотуу, кеңседе иш орундуктарын терезеге жакын жайгаштыруу сунушталат. Мындан тышкары, жарыктын деңгээлин жөнгө салуу үчүн терезеге парда же жалюзи колдонуу пайдалуу.

WhatsApp Image 2025-07-25 at 18.56.47.jpeg

Энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу. Табигый жарыктын жетишсиз учурларында электр энергиясын аз сарптаган LED лампаларын колдонуу сунушталат.

Күн мурун электр энергиясын үнөмдөө - ар бир жарандын жоопкерчилиги экендигин президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.

2950748_c3CnKdy.96b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014 (1).webp

“Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу, ашыкча чыгымдардан алыс болуу, тартип жана жоопкерчилик менен мамиле кылуу - ар бир кыргызстандыктын милдети. Энергияны сарамжалдуу пайдалансак - өзүбүзгө да, өлкөбүзгө да пайда. Жоопкерчиликтүү бололу, электр жарыгын үнөмдөйлү", - деди Орунбеков.

Бүгүнкү күндө электр энергиясын үнөмдөө - жөн гана жеке тандоо эмес, бул- заманбап дүйнөнүн жана айлана-чөйрөнүн алдындагы чоң талап. Калктын санынын өсүшү, технологиялардын кеңири колдонулушу жана климаттын өзгөрүшү менен энергияга болгон муктаждык да өсүүдө. “Көп түкүрсө көл болот” дегендей, барыбыз электр энергиясын үнөмдөөнүн жөнөкөй ыкмаларын эле колдонсок, чоң пайда алып келген болобуз. Энергияны үнөмдөө - бул ар бирибиздин жоопкерчилигибиз жана келечекке болгон салымыбыз.