Эртең Бишкекте Дельфий оюндары башталат

ШКУ Загрузка... 23 Март 2026 09:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 22.03.26. /Кабар/. Бишкекке Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарына катышуу үчүн эл аралык делегациялар келүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун борбор калаага Индиядан делегация келди. Алар өз өлкөсүнүн бай маданий мурасын ар түрдүү чыгармачылык багыттардагы өнөрлөр аркылуу көрсөтүүнү пландаштырууда.

Алардын программасында Индиянын салттуу жана заманбап искусствосун чагылдырган номерлер камтылган.

“Бул оюндар мамлекеттер ортосундагы достукту бекемдөө, маданий байланыштарды өнүктүрүү жана жаштардын кызматташтыгын арттыруу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, жетишкендиктерин эл аралык деңгээлде көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышат”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Бишкекте 23–28-март күндөрү ШКУга мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндары өтөт.

Оюндардын программасы 8 конкурстук номинацияны камтыйт: фортепиано, сүрөт искусствосу, элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, диджейлик өнөр, элдик аспаптар жана көркөм кол өнөрчүлүк.