Эттин баасы мал чарбаларына зыян келтирбей тургандай коюлушу зарыл – Чекирбаев

Коом Загрузка... 20 Февраль 2026 17:27
1035278778_0_18_3606_2046_1920x0_80_0_0_ee95fbeecf3585a9e7d59298359d47a0.jpg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. Этке мал чарбаларына зыян келбегендей туура баа коюлушу керек. Мындай пикирин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев "Кабар" агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, эттин баасы кескин көтөрүлүп да, өтө төмөндөп да кетпеши үчүн эки жак тең каралышы керек.

“Алсак, маянасы өтө жогору эмес шаарда жашаган калк үчүн эттин баасы кымбат болууда. Ошондуктан мамлекет тийиштүү жардамдарды бериши керек. Бирок, фермерлерге карата баада чоң көзөмөл болсо, малдын саны кескин кыскарып кетиши мүмкүн. Анда эттин баасы мындан да жогорулап кетет”,- деди Чекирбаев.

Ал ошондой эле бул багытта Казакстандын мисалында кеңири түшүндүрмө берди.

“Казакстанда 4-5 жылдан бери этке мамлекеттик көзөмөл болуп, бааны көтөрбөй кармап келишкен. Натыйжада бул убакытта Казакстанда бодо малдын саны 2 млн башка кыскарган. Мында көп фермерлер банкрот болгон. Акыркы маалыматтар боюнча 25 миң фермер өзүнүн ишин токтоткон”,- деди ал.

Ошондуктан бул жерде этти керектөөчү элди, өндүргөн фермерди тең караган туура саясат жүргүзүү керек деген оюн кошумчалады.