Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Европа биримдигинин өлкөлөрүндө унаа сатуу 3,2%га өстү. Бул тууралуу Казинформ Европалык автоунаа өндүрүүчүлөр ассоциациясынын (ACEA) маалыматына таянып жазды.
Ага ылайык, Европа биримдигинде унаа сатуу май айында жылдык көрсөткүчкө салыштырмалуу 3,2%га өсүп, 955 миң унаага жеткен.
Жалпысынан Европада (Европа биримдигинин өлкөлөрү жана Исландия, Норвегия, Швейцария жана Улуу Британия) жаңы унаа сатуу өткөн айда 3,6%га өсүп, 1 152 миллионго жеткен. Улуу Британияда сатуу 7,1%га өсүп, 160 миң 700гө жеткен.
Германияда сатуу 0,1%га, Францияда 3,7%га, Италияда 7,6%га жана Испанияда 0,8%га өскөн.
Европа биримдигинде электромобилдерди сатуу май айында 42,9%га өсүп, 203 миңге жеткен. Жыл башынан бери (январь-май) 950 миң 500 жаңы электромобиль сатылып, жалпы унаа сатуусунун 20%ын түзгөн, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде бул көрсөткүч 15,3%ды түзгөн.