ИИМ милициядагы аялдардын үлүшүн 30 пайызга жеткирүүнү көздөйт

Коом Загрузка... 21 Май 2026 14:25
WhatsApp_Image_2026_QqdEJqo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 21.05.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде гендердик теңчиликти камсыз кылуу багытында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жооптуу кызматкер Асел Осмонова билдирди.

Анын айтымында, биринчи кезекте бул багыттагы иштер мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган.

"Биз ченемдик укуктук актыларды жана мыйзамдарды, анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо жөнүндөгү мыйзамды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго катышып жатабыз. Бул мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип жатканда биздин юристтер жана өкүлдөр да жигердүү катышты", – деди ал.

Асел Осмонова муну менен катар эле аялдардын укуктары жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууга жана зомбулуктун алдын алууга багытталган маалыматтык кампаниялар жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, кызматкерлер, өзгөчө жетекчилер үчүн гендердик сезимталдык боюнча тренингдер жана окутуу иш-чаралары уюштурулуп келет.

Ал баса белгилегендей, ИИМ системадагы аялдардын үлүшүн кеминде 30 пайызга чейин жеткирүүнү көздөйт. Бирок, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч болжол менен 15 пайызды түзөт.

"Келечекте бул көрсөткүчтү этап-этабы менен жогорулатуу пландалууда. Ички иштер органдарында, анын ичинде жетекчилик кызматтарда аялдардын катышуусун кеңейтүү үчүн бардык бөлүмдөр жана кызматтар бул багытта иш алып барууда", – деп белгиледи ал.

Осмонованын айтымында, кесипкөйлүк сапаттар жыныска көз каранды эмес, аялдар атүгүл ыкчам жана тергөө бөлүмдөрүндө да ийгиликтүү эмгектенип келишет.