“Иннопромдо” Кыргызстандын өнөр жай потенциалы тааныштырылды

Министрлер кабинети Загрузка... 06 Июль 2026 21:34
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барып, көргөзмөнүн пленардык жыйынында "Өнөр жай 360: чек арасыз өндүрүш" деген темада сөз сүйлөдү.

Адылбек Касымалиев Армения, Беларусь, Казакстан жана Россия өкмөт башчылары менен биргеликте көргөзмө комплексине барып, улуттук күркөлөр жана өндүрүштүк ишканалардын экспонаттары менен таанышты. Кыргызстандын улуттук күркөсүндө 10дон ашык ата мекендик ишкананын продукциясы коюлган.

Андан соң делегация башчылары көргөзмөнүн пленардык жыйынына катышты.

Минкаб башчысы өз сөзүндө "Иннопром" жылдар аралыгында жаңы идеялардын жаралуусуна, өнөр жайды өнүктүрүүдөгү актуалдуу маселелер талкууланып жана узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыктын негизи түзүлгөн алдыңкы эл аралык аянтча катары өз ордун ээлегенин белгиледи.

“Бул көргөзмөдө Кыргыз Республикасы экономиканын ар кандай тармактарындагы ишканаларды бириктирген улуттук экспозицияны сунуштап жатат. Биз жаңы демилгелерге ачыкпыз, мазмундуу диалогго даярбыз жана бүгүн бул жерде катышып жаткан бардык мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө кызыкдарбыз”, - деди ал.

Касымалиев Кыргызстандын энергетика, геологиялык чалгындоо, минералдык ресурстарды казып алуу жана кайра иштетүү сыяктуу стратегиялык жактан маанилүү тармактардын кеңири чөйрөсүндө кызматташууну андан ары кеңейтүүгө даярдыгын билдирди. Өнөр жай кооперациясына жана текстиль өнөр жайында, агроөнөр жай комплексинде, фармацевтикада, машина куроодо, курулуш материалдарын өндүрүүдө, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүдө жана башка экономикалык тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берилет.

“Евразия экономикалык биримдигинин алкагында кызматташууну кеңейтүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ. 2025-жылдын аягына карата Кыргыз Республикасы менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү дээрлик 6 миллиард АКШ долларына жетип, мурдагы жылга салыштырмалуу 7,7 пайызга өскөн. Бул көрсөткүчтөр экономикалык интеграциянын жогорку деңгээлин жана өнөр жай кызматташтыгын андан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциалды ачык көрсөтүп турат”, - деди ал.

Өз сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев бүгүнкү күндө биргелешкен күч-аракеттерди жаңы өндүрүштөрдү түзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү локалдаштырууга жана өз ара инвестицияларды көбөйтүүгө багыттоо өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.