Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россиянын Екатеринбург шаарына барды.
Иш сапарынын алкагында Адылбек Касымалиев бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат жана иш-чаранын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Көргөзмөдө металлургия, өндүрүш технологиялары, санариптик технологиялар, машина куроо жана өнөр жайды автоматташтыруу тармактарында иштеген компаниялар көрсөтүлөт.