Кыргызстандын зергерлик тармагы ишмердиктин жаңы баскычына чыгууда. Жергиликтүү зергерлер мамлекеттин эбегейсиз колдоосу жана дүйнөлүк бренддердин катарына кошулуу дымагы менен экономикадагы ордун ээлеп жатат. Кыргыз алтыны кол өнөрчүлөргө түз сатылып, мамлекет тарабынан берилип жаткан жеңилдиктер жана жаңы механизмдер тармакты көмүскөдөн чыгарууда. Ювелирдик жасалгалар менен 1 млрд сомдук соода жүгүртүү бир жыл ичинде 17 млрд сомго чыкты. Эксперттер зер буюмдар индустриясы үчүн бул чек эмес экенин белгилешүүдө.
Кыргызстан жыл сайын 25 тоннага жакын алтын казуу менен аймактагы белгилүү алтын өндүрүүчү болуп саналат. Алтын куймаларына дүйнөдө суроо-талап жогору болгондуктан, мамлекет чийки бойдон сатып жана Улуттук банктын камылгасында сактап келет. Бул арада өзүбүздөн чыккан алтын ушул кезге чейин жергиликтүү зергерлерге сатылган эмес. Кол өнөрчүлөр абалдан чыгуу үчүн ломбарддан, көмүскө базардан алынган же контрабанда аркылуу келген алтындар менен иштешип, зергер өндүрүшүнүн негизги бөлүгү көмүскөдө болгон.
Натыйжада жергиликтүү дүкөндөрдөгү зер буюмдардын дээрлик 90—95% импорттук алтындар болгон. Алыска барбай эле, бир нече жыл мурунку абалды алсак, 2025-жылы өлкө ичинде өндүрүлгөн зер буюмдардын саны импорттолгон алтын жасалгалардан дээрлик 10 эсе аз болгон.

Жогоруда жергиликтүү жана импорттук алтындын арасындагы айырма өтө чоң экенин, жергиликтүү чеберлердин мүмкүнчүлүгү чектелип калганын көрүүгө болот. Ата мекендик өндүрүшчүлөр коргоого жана өнүгүү үчүн мамлекеттин колдоосуна муктаж экенин 30 жылдан бери айтып келишкен.
Зергерлик тармагынын жаралуусу жана жандануусу
Кырдаал президенттин "Экономиканын айрым тармактарын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгы кабыл алынып, министрлер кабинети тарабынан баалуу металлдарды сатуунун жаңы тартиби бекитилгенден кийин түп-тамырынан өзгөрдү. Мамлекет ата мекендик зергерлерге Мамлекеттик фонддон алтын менен күмүштү жеңилдетилген шарттарда алууга түз мүмкүндүк ачты.
Бул тармактык реформанын таасири экономикага, бизнеске, сатып алуучуларга, дегеле тийиштүү бардык тармактарга таасирин тийгизери бышык. Эң негизгиси, декларативдүү эмес, бизнести колдой турган жаңы механизм пайда болду. Ал бир катар жеңилдиктерди камтып турат.
Жергиликтүү зергерлер кыргыз алтынын Мамлекеттик фонддон Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (LBMA) дүйнөлүк баасынан 2 пайыздык арзандатуу менен сатып алышат. Төлөө мөөнөтү жарым жылга чейин узартылат. Соода доллардын кескин өзгөрүүсүнөн коргонуу үчүн сом менен жүргүзүлөт.
- Салык чени 0,25 пайызга чейин төмөндөтүлдү.
- Зергерлик тармагын жеңилдетилген насыялоо тартиби бекитилди. Эми өндүрүүчүлөр жылына 6% менен насыя ала алышат.
- Жабдууларды жана технологияларды импорттоо кошумча нарк салыгынан бошотулду.
Өз кезегинде зергерлер да милдеттерин так жана ачык-айкын аткарышы керек:
- Алтынды куйма түрүндө сатууга болбойт. Заводдон жогорку кошумча наркы эсептелип, даяр продукция катары гана чыгышы керек.
- Ай сайын бир өндүрүүчүгө 5 килограмм гана алтын сатылат. Ал эми фабриканын чеги 50 килограммдык баалуу металл. Бул көлөм монополиянын алдын алат.
- Өндүрүүчүнүн салык карызы жок болушу керек. Так планын көрсөтүп, отчет берүүгө даяр болуусу шарт.
Белгилей кетүүчү жагдай, жаңы эрежелердин басымы астында жана жеңилдиктердин шарапаты менен зергерчилик тармагы көмүскөдөн чыга баштады.
Кыргызстанда зергерлер үчүн дүйнөдөгү эң ыңгайлуу шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешов билдирди.

"2026-жылдын 1-мартында зергер буюмдарын легалдаштыруу кампаниясы расмий түрдө аяктады. Анын жүрүшүндө 942 ишкер өз ыктыяры менен зер буюмдарын мыйзамдаштырды. Активдердин жалпы суммасы дээрлик 16,8 миллиард сомду түздү. Бул өндүрүштү көмүскө сектордон чыгарууга мүмкүндүк берип, тармакта инвестициялык потенциал жогорулады. Дүйнөлүк керектөөдө казылып алынган алтындын 55 пайызы зергерликке, калганы инвестицияга, улуттук банктарга, технологияга колдонулат", — деди Зергерлер ассоциациясынын башкы директору Азамат Макешов.
Кыргызстандын зер буюмдарына болгон ички рыноктогу суроо-талабы 3 тоннанын тегерегинде. Мамлекеттик колдоо кымбат баалуу жасалгалардын экспортун да илгерилете турганы айтылууда. Зергерлик тармагындагы эксперт Сталбек Акматов жеңилдиктердин жана мамлекеттик колдоонун жемишин тармак жакынкы жылдары эле чыгарып берет деген ишенимде.

"Биздин кол өнөрчүлөр алтынды расмий сатып алалы дешсе, нормалар катаал эле. Лондондогу баалуу металлдар биржасынын дүйнөлүк баасы +5% кымбат болчу. Мисалы, алтындын бүгүнкү баасы 134 доллар болсо, ага 5 пайызды кошкондо, даяр зер буюм кымбаттап кетет. Аны расмий түрдө ала албай келишкен. Азыр эми тескерисинче, -2% менен сатылып алынат. Эми эрежелер өзгөрүп, жеңилдеди. Көмүскөдөгү ишкерлер да ачыкка чыгып жатышат. Бир жыл мурунку көрсөткүчтү алсак, соода жүгүртүү 1 миллиард сомдун тегереги болчу. Бүгүнкү күнү 17 миллиард сом ачык жүгүртүүгө чыкты. Бул чоң акча, салыктын көлөмү да чоң болот. Мультипликативдик эффект менен караганда казынага 100-200 миллион сом түшүп турат. Дүйнөлүк, эл аралык тажрыйбаны карап көрсөк, кайсы жерде алтын, күмүш казылып жатса, зер буюм өндүрүшү да өнүгөт. Анын үстүнө казылган алтын рынокко куйма эмес, зер буюм катары чыгышы керек. Жумуш орундары түзүлүп, тармакта иштегендердин айлык маяналары жакшырат. Иш башталды. Жыйынтык жакынкы жылдары эле болот деген ишенимдемин", — деди эксперт Сталбек Акматов.
Натыйжада экономиканын мүмкүнчүлүгү дагы да кеңейет. Маалыматка караганда, тармакта 100 миң жаңы жумуш орду түзүлүп, көмүскөдөн чыккандардын эсебинен салык көбөйөт. Ал эми карапайым калк үчүн жергиликтүү зер буюмдардын баасы арзандап, сапаты жакшыра турганы күтүлүүдө.
Бүгүнкү күндө зергерлик тармагына чоң жеңилдиктер берилип, мыкты шарттар түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине экономист Азамат Акенеев билдирди.

"Менимче, зергерлик тармагына абдан чоң жеңилдиктер берилди. Бирок алар өзүн актайт. Бизде ири соода таңсыктыгы бар, импорт экспорттон алда канча көп. Жайгашкан жерине байланыштуу Кыргызстан тышкы рынокторго товарларды жеткирүүдө олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болууда. Логистика абдан кымбат. Зер буюмдары — Кыргызстан эл аралык рынокто ийгиликтүү атаандаша ала турган өндүрүштүн сейрек кездешүүчү түрү. Анын үстүнө ата мекендик зергерлер салттуу түрдө иштеп келишкен жана өндүрүштүк тажрыйбасы чоң", — деди экономист Азамат Акенеев.
Жыйынтыктап айтканда, зергерлердин кыргыз алтыны менен иштөөсү импорттун ордун басып, экспортту илгерилетет. Анын үстүнө жергиликтүү ювелирлердин дымагы күчтүү. Даяр дизайнердик продукцияны экспорттоого, дүйнөлүк бренддердин катарына кошулууга ишенимдүү кадам таштоодо. Бул эл аралык деңгээлдеги атаандаштыктан кабар берет. Ал эми реформанын ийгилиги мамлекеттин жана өндүрүшчүлөрдүн өз милдеттерин так аткаруусунан көз каранды.