Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктады.
“Урматтуу медицина кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Медицина кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Ар бир адамдын эң биринчи байлыгы – ден соолугунун, анын өмүрүнүн дабагери болгон медицина кызматкерлери коомубуздагы эң барктуу, абройлуу кесиптин ээлери. Ошону менен бирге медицина тармагы азыркы мезгилде экономиканын эң бараандуу тармагына айланууда. Өнүккөн мамлекеттерде медициналык кызматтар өнөр жайынын күч-кубаттуу тармактарынын көлөмү менен теңдешет.
Биз ден соолук адамдын негизги укугу жана жеке адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин бакубат жашоосу үчүн башкы баалуулук деген принципти бекем карманабыз. Ушул максатта 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында жарандардын орточо өмүр сүрүү узактыгын жогорулатуу жана 2030-жылга карата өмүр сүрүү узактыгы 75 жашка жакындаган өлкөлөрдүн катарына кошулуу милдети коюлган.
Кыргыз медицинасы заман менен тең жарышып медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулап, заманбап медициналык жана санариптик технологиялар ишке киргизилип жатат. Мамлекеттик финансылык колдоонун көлөмү көбөйүп, инфраструктура жаңыланды, эмгек акы жогорулады.
Кыргыз медицинасы илим менен билимди өздөштүрүү жана өркүндөтүү процессинде коомубуздун авангардына айланууда. Башка тармактарга караганда инновациялар көбүрөөк болуп, колдонмо илимдин үлүшү басымдуулук кылат.
Адам өмүрү жана ал өмүрдө оору-сыркоодон алыс болуп бактылуу жашоо үчүн күрөшкө чыгып, күндүр-түндүр күзөттө турган мээримдүү сиздердей адистер аркылуу наристелердин күлкүсү жаңырып, үй-бүлөнүн амандыгы, коомдун бакубат жашоосу камсыз болууда.
Урматтуу медицина кызматкерлери! Биздин жалпы максатыбыз – күчтүү, өнүккөн жана дени сак Кыргызстанды куруу. Бул жолдо медицина кызматкерлеринин эмгеги баа жеткис.
Баарыңыздарга бекем ден соолук жана берекелүү узун өмүр каалайм. Ардактуу эмгегиңиздер ар дайым элдин урматы, ишеними жана ыраазычылыгы менен коштолсун!", - деп белгиледи минкаб төрагасы.