Бишкек, 07.04.2026. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров “Бин Заед Интернэшнл” компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, анда тараптар кызматташуунун келечегин талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык климаты, анын ичинде бизнес жүргүзүүнүн учурдагы шарттары, мамлекеттик колдоо чаралары, ошондой эле инвестиция салуу үчүн артыкчылыктуу багыттар тааныштырылды.
“Кыргызстан өз ара пайдалуу кызматташууга жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө ачык. Биз инвесторлордун укуктарын коргоого, ачыктыкты жана туруктуулукту камсыздоого өзгөчө маани беребиз, бул узак мөөнөттүү өнөктөштүктүн негизи болуп саналат”, - деп белгиледи ал.
Ошондой эле жолугушууда инвесторлордун укуктарын коргоо, ишенимдүү кепилдиктерди берүү, ачык жана алдын ала божомолдоого боло турган ишкердик чөйрөнү түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү тууралуу макулдашып, биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.