Иранда нааразылык акциялары кайрадан жанданды

Дүйнө Загрузка... 23 Февраль 2026 11:11
50cda967-32f2-4d8b-9ac2-eab468442270.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 23.02.26 /Кабар/. Иранда студенттер жаңы окуу семестринин биринчи күнүндө нааразылык акцияларына чыгышты. Бул тууралуу Financial Times басылмасына таянып, РИА Новости маалымдады.

Маалыматка ылайык, Тегерандын борбордук жана батыш бөлүгүндө жайгашкан абройлуу технологиялык окуу жайлар - Амир Кабир атындагы технологиялык университеттин жана Шариф атындагы технологиялык университеттин студенттери кампустун аймагына чогулуп, Иран бийлигине жана өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеиге каршы ураандарды чакырышкан.

Макалада белгиленгендей, нааразылыктар АКШ менен болгон мамилелердин чыңалуусунун фонунда өтүүдө.

Эске салсак, Ирандагы массалык акциялар 2025-жылдын декабрь айынын соңунда улуттук валютанын куну түшүп кеткенден кийин башталган. Кийинчерээк алар башаламандыкка жана бийликке каршы кеңири акцияларга айланып, тактан кулатылган иран шахынын уулу Реза Пехлевинин чакырыктарынан кийин күчөгөн.

Өлкөдө интернет байланышы убактылуу токтотулуп, кагылышуулар маалында коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү жана акцияга чыккандар арасында курмандыктар болгону кабарланган. Иран бийлиги башаламандыктарды уюштурууга АКШ менен Израилди айыптап, 12-январда кырдаал көзөмөлгө алынганын билдирген.