Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас" театрынын чыгармачыл жамааты Италияда маданий иш-чараларды өткөрдү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, сапардын негизги максаты кыргыз элинин руханий мурасын, улуттук баалуулуктарын жана маданиятын чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге жана эл аралык коомчулукка таанытуу болду.
Маданий иш-чара белгилүү манасчы, манастаануучу, филология илимдеринин кандидаты, профессор Курманбек Жумалиевдин 70 жылдык мааракесине арналды.
Иш-чарага төкмө акындар, манасчылар жана чыгармачыл инсандар катышып, көрүүчүлөргө улуттук өнөрдүн түрдүү багыттары сунушталды.
Программанын алкагында концерттик номерлерден тышкары манас айтуу, комуз чертүү, ырдоо жана спорттук мелдештер уюштурулду. Бул иш-чаралар кыргыз маданиятынын көп кырдуу өзгөчөлүгүн көрсөтүп, улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталды.