Кадамжайда "Анхор" каналы оңдолуп, дыйкандарга суу бериле баштады

Аймак Загрузка... 02 Март 2026 17:00
IMG_6335.JPG
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Кадамжай районундагы "Анхор" каналы оңдолуп, дыйкандарга сугат суу бериле баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Канал жалпысынан 3300 гектар сугат аянтын суу менен камсыздайт. Жалпы узундугу 18,6 чакырымды түзгөн бул объект жер канал түрүндө курулуп, анын курамында 45 гидротехникалык курулма бар.

Каналдын 275 метрлик тилкеси өтө начар абалда болгондуктан, суу көп ысырап болуп, сугат иштеринде кыйынчылыктар жаралып келген. Түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан аталган аралыкка бетон төшөө иштери жүргүзүлдү. Оңдоп-түзөө иштеринин натыйжасында бул тилке толук калыбына келтирилип, пайдаланууга берилген.

Маалымат үчүн: "Анхор" каналы район аймагындагы негизги ирригациялык объекттердин бири болуп саналат. 1915-жылы пайдаланууга берилген канал бүгүнкү күнгө чейин айыл чарба багытындагы жерлерди сугат суу менен камсыз кылууда маанилүү ролду аткарат.