Бишкек, 03.02.26. /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылынын тургуну, көп жылдан бери элге кызмат кылып келе жаткан айыл молдосу Турдубай Кожоевге жаңы турак жай куруп берди.
Атайын кызматтан билдиришкендей, бүгүн Ташиев салтанаттуу түрдө үйдүн ачкычын тапшырды.
Маалым болгондой, Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап, элге диний сабак берип, жөрөлгөлөрдү аткарып, жаштарга насаат айтып келет. Ал өзүнүн жеке жер тилкесине турак жай курууну баштаган, бирок каржылык мүмкүнчүлүктүн чектелүүсүнөн улам үйдүн курулушу узак убакытка созулуп, толук бүткөрүлбөй калган.