Караколдо кайык жана яхта чыгаруучу ишкана курулууда

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2026 18:45
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кайык жана яхта чыгаруучу ишкананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу шаар мэри Талантбек Иманов билдирди.

Анын айтымында, ал бул долбоорго инвесторду жеке өзү тарткан.

"Алгачкы заманбап яхта 14 айдан кийин чыгарылат. Курулуш иштерин түрк компаниясы жүргүзүүдө", — деди мэр.