Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Нарындагы "Кара-Тал-Жапырык" жана "Нарын" мамлекеттик жаратылыш коруктарынын абалы менен таанышты.
Ведомстводон маалымдашкандай, иш сапардын алкагында өлкөнүн эко-туризми үчүн маанилүү болгон маселелер каралды.
Атап айтканда, Нарын жаратылыш коругундагы жаныбарлардын музейин реконструкциялоо маселеси талкууланды. Мында каман, кулжа, аркар, бугу-марал, аюу жана канаттуулардын 20дан ашык сейрек кездешүүчү түрлөрүнүн экспонаттары бар. Учурда имараттын да, экспонаттардын да абалы начар.
Министр музейдин ишин толук кандуу жандандыруу үчүн атайын акча каражаты бөлүнөрүн билдирди.