Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Дүйнөлүк банктын Ош облусунда жана Ош шаарында ишке ашырып жаткан “Регионалдык экономикалык өнүктүрүү” долбоорунун алкагында ири инфраструктуралык демилге колдоого алынды.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги (АРИС), Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк борбору жана Ош шаардык мэриясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду.
Макулдашууга ылайык, Ош шаарында жайгашкан “Эко Азык” соода-логистикалык жана кайра иштетүү борборунун саркынды суу түтүктөрүн шаардык жалпы тутумга туташтыруу долбоору каржыланмай болду.
Долбоордун жалпы сметалык баасы 10 млн 852 миң 167 сомду түзөт. Анын ичинен 10 млн сомун Дүйнөлүк банк грант түрүндө түз каржылайт, ал эми калган 852 миң 167 сомун ишкана өз каражатынан бөлөт.