Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана калкты ата мекендик тоок эти жана жумуртка менен камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Сокулук районунда жайгашкан "Эко Куш" куш багуучу чарбасына барды.
Ишкана 2023-жылдан бери эт багытындагы бройлер тоокторду өстүрүү менен алектенет. Өткөн жылдын декабрь айында ишканага суткалык 40 миң балапан алынып келинсе, бүгүнкү күндө тооктун саны 100 миңге жакындады. Өндүрүлгөн продукция туруктуу негизде ички рынокко жеткирилип, калкты ата мекендик тоок эти менен камсыздоого салым кошууда.
Мониторингдин жүрүшүндө ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу чоң экендиги аныкталды. Бардык өндүрүштүк кубаттуулуктарды толук ишке киргизүү үчүн 400 миң АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция талап кылынат. Натыйжада, жети өндүрүштүк корпустун баары ишке киргизилип, тоокту өстүрүүдөн баштап даяр продукцияны өндүрүп, сатууга чейинки толук өндүрүштүк цикл түзүлөт.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, негизги максат – иштеп жаткан куш фабрикаларынын потенциалын максималдуу пайдалануу, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана импортко болгон көз карандылыкты азайтуу.
Эске салсак, учурда республика боюнча куш фабрикаларынын абалы, алардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү изилденип, аларды чечүү боюнча тийиштүү сунуштар иштелип чыгууда.