Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылында мурда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өтүп кеткен бала бакчанын имараты кайрадан муниципалдык менчикке кайтарылды.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, айылдын Атай көчөсүндө жайгашкан мурдагы бала бакчанын имараты боюнча узакка созулган соттук териштирүүлөр аяктады.
Жыйынтыгында жергиликтүү соттордун имаратты айыл өкмөтүнүн менчигине кайтаруу тууралуу чечимин Жогорку сот толугу менен күчүндө калтырды.
Облус аймагында ушундай объекттерди тактоо иштери уланууда.