Ак-Талаадагы курулуш: Аймакта 2 млрд сомго бааланган 27 объект салынууда

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2026 12:30
1227541.298a29dd52b54536b5cd6d0c696452c9.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-июнда Ак-Талаа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн учурдагы көрсөткүчтөрү жана перспективдүү долбоорлору менен таанышты.

Мамлекет башчысына Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Камчыбеков маалымат берди.

Анда белгилүү болгондой, 2025-2026-жылдары курулушу уланып жаткан объектилерге чоң көлөмдөгү иштер туура келет. Учурда 3 бала бакча, спорт комплекси, Калкты тейлөө борбору, 8 футбол аянтчасы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмүнүн имараты, 3 мектеп, музыкалык мектеп, санитардык-эпидемиологиялык борбор, Баетов жана Кайыңды-Булак айылдарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системалары, ошондой эле күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн административдик имараттар жана турак үйлөрдү куруу боюнча 27 долбоор ишке ашырылууда.

Белгилей кетсек, курулуп жаткан объекттердин жалпы баасы 2 млрд сомдон ашат.