Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолундагы каттам калыбына келтирилди

Аймак Загрузка... 25 Июнь 2026 11:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолундагы каттам толугу менен калыбына келтирилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 24-июнда саат 14:30 чамасында Ош облусунун Алай районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин, Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 58-200-чакырымында сел жүргөн. Натыйжада унаа кыймылы убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Жерине техника тартылып, жолчулар тарабынан сел калдыктарын тазалоо жана суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлдү.

Учурда каттам толугу менен ачык жана унаалар үзгүлтүксүз каттоодо.