Касымалиев "Beta" компаниясы менен инвестициялык долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинети Загрузка... 25 Июнь 2026 18:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Beta" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Бешир Угурду кабыл алды.

Адылбек Касымалиев компаниянын жетекчилигине Кыргызстанда көрсөткөн кызыгуусу жана эки тараптуу өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүү учурунда тараптар инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын кеңири талкуулашты.

Тактап айтканда, аймактык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, анын ичинде социалдык объектилерди долбоорлоо жана куруу маселелери каралды.