Кыргызстанда жер семирткичтерди өндүрүүчү завод курулушу мүмкүн

Министрлер кабинети Загрузка... 25 Июнь 2026 17:35
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытайдын бир катар компанияларынын жетекчилери менен инвестиция, өндүрүш жана кайра иштетүү тармактарында эки тараптуу кызматташуу маселелерин сүйлөштү.

Алгач минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков “Sinopec” корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы Хоу Цицзюнь менен жолукту.

Анда мунай жана газ тармагындагы дүйнөдөгү эң ири компаниялардын ичинен 6-орунда турган “Sinopec” корпорациясы менен Кыргызстанда мунай жана газ тармагында, ошондой эле кайра жаралуучу энергия тармагында биргелешкен өндүрүш жана кайра иштетүү ишканаларын түзүү долбоорлорун ишке ашыруу каралды.

Мындан тышкары, Эрлист Акунбеков “CIECC Planning and Design Research Co., Ltd.”, “Beijing Huafu Engineering Co., Ltd.” жана “Shaanxi Construction New Energy Co., Ltd.” сыяктуу кытай компанияларынын жетекчилери менен Кыргызстандын аймагында минералдык жер семирткичтерди өндүрүүчү заводду куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кытай компаниялары Кыргызстанда карбамид жана азоттук жер семирткичтерди өндүрүүчү завод куруу долбоорун сунуштады.

Жолугушууда бул долбоордун инвестициялык потенциалы жогору экени жана аны ишке ашыруу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, жергиликтүү дыйкандарды минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууга жана өлкөнүн өнөр жай потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.