Бишкек, 21.02.26 /Кабар. Бүгүн Чүй облусунда катуу шамал катталып, анын кесепетинен Ысык-Ата, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорунда турак жай жана социалдык обьектилердин чатырлары учуп, бактар кулады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Шамал Ысык-Ата районуна караштуу Жар-Башы айылынын Юбилейный көчөсүндө турак үйдүн чатырын учуруп кеткен. Ошондой эле Сокулук районундагы Маловодное айылынын Ленин көчөсүндө бак кулаган. Москва районуна караштуу Беловодск айылынын 50-лет Киргизии көчөсүндө бак кулаган. Мындан тышкары, Панфилов районундагы Октябрь айылында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
Эскерте кетсек, Кыргызгидромет кызматы бүгүн, саат 06:15 тарта Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында секундасына 15-20 чейин метрге жеткен катуу шамал катталышы мүмкүн деген шашылыш билдирүү тараткан