Кеминде "Ак Илбирс ЭкоФест 2026" экологиялык фестивалы өттү

Экология Загрузка... 14 Июль 2026 10:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 14.07.26 /Кабар/. Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Шабдан айылында "Илбирс: экологиялык билим берүү – Кыргызстандын туруктуу келечегинин негизи" деген темада "Ак Илбирс ЭкоФест 2026" экологиялык фестивалы өттү.

Фестивалды президенттин администрациясынын, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жана Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын колдоосу менен Таалайбек Мамбеталиевдин демилгеси боюнча "Илбирс – Жашыл Муун" коомдук фонду уюштурду.

Иш-чарага президенттин тоо маселелери боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлдөрү, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, жаштар, фольклордук топтор жана жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Динара Кемелова президенттин жарлыгы менен ак илбирс Кыргызстандын улуттук символу катары аныкталганын жана ал тоо экосистемаларынын абалынын маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Ал ошондой эле 2023–2027-жылдарга карата Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгынын ишке ашырылышы жана 2027-жылы өтө турган "Бишкек+25" Экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык тууралуу айтып берди. Саммиттин бир күнү Эл аралык ак илбирс күнүн белгилөөгө арналары белгиленди.

Фестивалдын алкагында экологиялык маданиятты жана жаратылышка аяр мамилени жайылтууга багытталган арт-зоналар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, мастер-класстар, сынактар, мелдештер жана маданий программа уюштурулду.

Ошондой жеринен Кемин районунда клен дарагынын көчөттөрү отургузулду.