Тоолуу өлкөлөрдүн үнү: Бакыт Сыдыков БУУда климаттык коркунучтарды эскертти

Экология Загрузка... 14 Июль 2026 12:00
IMG_4179.JPEG
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Нью-Йоркто БУУнун штаб-квартирасында өтүп жаткан Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форумга катышууда.

Ведомстводон маалымдашкандай, форумдун министрлер сегментинде сүйлөгөн сөзүндө кыргыз делегациясынын башчысы Туруктуу өнүгүү жаатындагы 2030-жылга чейинки күн тартиби кабыл алынгандан бери он жыл өткөнүнө карабастан, дүйнөлүк коомчулук климаттын өзгөрүшү, куралдуу жаңжалдар, дүйнөлүк жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы жана технологиялык теңсиздик сыяктуу жаңы глобалдык чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу министр бүгүнкү күндө Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүү менен катар, буга чейин жетишилген ийгиликтерди сактап калуу да өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле Сыдыков тоолуу өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурду. Анын айтымында, Кыргызстан сыяктуу тоолуу мамлекеттер үчүн климаттын өзгөрүшү келечектеги эмес, бүгүнкү күндүн чындыгы болуп саналат. Мөңгүлөрдүн чегиниши суу коопсуздугуна, азык-түлүк өндүрүшүнө жана энергетикалык системаларга олуттуу коркунуч жаратып, анын кесепети тоолуу аймактардан алыс жайгашкан өлкөлөргө да таасирин тийгизүүдө.

"Тоолор климаттын өзгөрүшүнөн эң биринчи жабыркаган аймактардын бири гана эмес, бул глобалдык көйгөйдү чечүүнүн да ажырагыс бөлүгү болушу керек", – деп белгиледи министр.

Ал ошондой эле 2027-жылы Кыргызстанда "Бишкек+25" Экинчи Глобалдык тоо саммити өтөрүн эске салып, БУУга мүчө мамлекеттерди жана өнөктөштөрдү тоолуу аймактардын туруктуу өнүгүүсү боюнча практикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө чакырды.

Мындан тышкары, министр Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкендиктерине да токтолду. Анын маалыматына ылайык, 2021–2025-жылдары өлкөдө жакырчылыктын деңгээли 33 пайыздан 24 пайызга чейин төмөндөп, экономиканын орточо жылдык өсүшү болжол менен 10 пайызды түздү.

"Туруктуу өнүгүү биринчи кезекте жарандардын жашоо сапатынын жакшырышы, алардын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши жана ар бир адамдын бакубат жашоосу үчүн түзүлгөн шарттар аркылуу бааланышы керек", - деп белгиледи ал.

Министр ошондой эле Кыргызстан 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы эл аралык коомчулуктун өлкөбүзгө көрсөткөн жогорку ишениминин жана көп тараптуу кызматташтык принциптерине берилгендигинин айкын далили экенин айтты.

Ал Кыргызстан мындан ары да эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого, алдын алуучу дипломатияны илгерилетүүгө, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга, ошондой эле өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, анын ичинде деңизге чыга албаган жана тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого салым кошууга даяр экенин ырастады.