Күйүүчү май боюнча башка өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө – энергетика министри

Экономика Загрузка... 08 Июль 2026 10:55
WhatsApp Image 2026-07-08 at 07.47.44 (1).jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Кыргызстан күйүүчү-майлоочу майды үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча бир катар мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү улантууда. Бул тууралуу энергетика министри Алтынбек Рысбеков "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майды жеткирүү боюнча Беларусь менен да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары бул багытта жолугушууларды өткөрүп келген.

"Министрликтин деңгээлинде дагы сүйлөшүүлөр уланып, кат алышуу аркылуу маселелерди чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер менен да байланыштар жүргүзүлүүдө. Учурда Өзбекстандан жооптор келип, Иран жана Түркмөнстандын элчилери менен да мунай продуктуларын жеткирүү боюнча сүйлөштүк. Бул багытта атайын жумушчу комиссия түзүп алдык. Күйүүчү май маселесин чечүү боюнча иштер уланууда",- деп белгиледи министр.