Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. 2026-жылга карата коңшу жана өнөктөш мамлекеттерден электр энергиясын алуу боюнча келишимдер түзүлүп, жалпы 4 млрд 99 млн кВт саат импорт пландаштырылган. Бул тууралуу “Ачык кабинет” медиадолбоорунун алкагында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Анын айтымында, импорттук электр энергиясы ички өндүрүш менен биргеликте өлкөнүн энергетикалык системасындагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.
"Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана белгиленген керектөө лимиттеринин аткарылышы боюнча күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө. 2026-жылдын апрель-май айларында электр тармактарынын ишканалары тарабынан белгиленген лимиттердин аткарылышы көзөмөлгө алынып, жалпы керектөө пландагы көрсөткүчтөн 91,8 млн кВт саатка же 4,3 пайызга төмөн болду. Андан тышкары, күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүнүн маанилүү багыттарынын бири — көмүр жана башка отун ресурстарынын жетиштүү көлөмдө даярдалышы", — деди министр.