Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бүгүн биз өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчилерден болуп иштей турган экскаватор, жүктөгүч, жүк ташуучу автоунаа сыяктуу атайын техникаларды алдык. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан бардык жерде өзгөчө кырдаалдардын ар кандай түрүн байкоого болот жана мындай техникалар абдан зарыл.
“Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бюджеттин эсебинен жана Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен сатып алынган 116 даана атайын техниканы алып отурабыз. Мында өзгөчө кырдаалдар учурунда биринчилерден болуп иштей турган экскаватор, жүктөгүч, жүк ташуучу автоунаа сыяктуу керектүү техникалар бар. Андан тышкары, токой кызматынын ишмердүүлүгүнө зарыл болгон тракторлор берилди. Темир-бетон конструкциясы менен суу жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүү максатында атайын шайман техникаларды алдык”,- деди министр.
Ошондой эле ал ыкчам иш жүргүзүү үчүн JAC үлгүсүндөгү 20 автоунаа берилгендигин маалымдады.
“Жалпы республикада 40 район болсо анын 20 району гана тиешелүү ыкчам автоунаалар менен камсыз болгон. Азыр биз алган JAC үлгүсүндөгү 20 автоунаалар өлкө райондоруна жеткирилет. Бул автоунаалар оперативдүү ыкчам чара көрүү багытында алынды”,- деди Шамырканов.
Эскерте кетсек, бүгүн Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшыруу аземи өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев унаалардын ачкычын өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановго тапшырды.