Наркы 5,9 млрд сом: Кочкор районунда 30 жаңы объект курулууда

Аймак Загрузка... 23 Июнь 2026 18:10
WhatsApp_Image_2026_MX0loPn.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кочкор районун социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жүрүшү менен таанышты.

Белгилүү болгондой, 2021-2025-жылдар аралыгында Кочкор районунда 17 социалдык объект ишке киргизилди, анын ичинде сегиз мектеп, төрт бала бакча жана беш спорт зал бар.

Учурда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү иштери активдүү уланууда. 2026-жылга жалпы суммасы 5,9 млрд сомду түзгөн 30 объекттин курулушу жана дагы алты объекттин капиталдык оңдоосу каралган.