Комузга болгон кызыгуум кичинемде эле пайда болгон - жаш талант менен маек

Маек Загрузка... 21 Октябрь 2025 17:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргыз эли өнөр баккан эл келип, өзгөчө жаштар арасында таланттуулар арбын. Алардын өнөрү менен өлкөнүн желеги дүйнөнүн ар бурчунан желбиреп келе жатат. Алардын бири — №21 мектептин 10-классынын окуучусу Адеми Калдыбева. Адеми комузда жана ооз комузда ойноп, бийлеп, өлкө ичиндеги жана чет өлкөлөрдөгү кароо-сынактарга активдүү катышып келет. “Кабар” агенттигине ал комузга болгон сүйүүсү жана чыгармачылык жолундагы ийгиликтери тууралуу айтып берет.

Сендеги комузга болгон кызыгуу качан жана эмнеден улам пайда болгон?

Бул кызыгуу 1-класстарымда жаралган. Ага үйдөгү комуз себеп болгон. Аны кармалап көрүп жатып комузчу болууну кыялданчумун. Анан бул кыялымды апама айтсам, ал дароо көңүл буруп мени комуз ийримине берген. Бирок, кичине болгонумдан улам жакшы өздөштүрө алган эмесмин. Андан кийин бул кызыгуум дагы да күчөгөндүктөн, кийин Бишкек шаардык мэриясына караштуу Балдардын чыгармачылык борборуна келип, Нургүл Рысмендеева жетектеген “Азем” ансамблине жазылгам. Үч жылдан ашуун убакыттан бери өтө чоң кызыгуу менен комуз чертип келе жатам.

Бул өнөр менен кандай ийгиликтерге жеттиң? Андан сырткары ооз комузда ойноп, бийге да катышат экенсиң.

Биз ансамблда негизинен комузга көбүрөөк басым жасайбыз. Андан кийин кошумча ооз комуз менен бийди өздөштүрөбүз. Комуз чертүү өнөрү менен өлкө ичиндеги ар кандай конкурстарга катышып, байгелүү орундарды жеңип келебиз. Андан сырткары ошонун негизинде чет өлкөлөргө жолдомо алган учурлар болот. Мисалы, Кипр жана Түркия мамлекетинин Анкара жана Стамбул шаарларына барып келдик. Ошондой эле ооз комуз менен концерттерге чыгып, бийлеп да турабыз.

Чоң сахнага чыгып, эл алдында комуз черткен кандайдыр бир ырахат тартууласа керек?

Ооба. Сахнага чыгып, өнөрүмдү элге тартуулаган мага абдан жагат.

Бул учурда өтө жагымдуу сезимдер болот. Андан сырткары Нургүл эже бизге ал жерден өзүңдү алып жүргөндү, жылмайганды, кийинүүнү үйрөтөт. Ошол нерсе да мага абдан жагат.

Ал эми мектепте кандай окуучусуң?

Мектепте жакшы окуйм. 9-классты кызыл күбөлүк менен бүттүм. Эми алдыда дагы “Алтын тамга” сертификатын алсам деген кыялым бар. Ошого карата даярданып жатам.

Келечекте бул чыгармачылык өнөрүңдү улантасыңбы?

Мен келечекте борт коштоочу болгум келет. Бул кыял менде биринчи жолу Кипр өлкөсүнө учуп бара жатканда, татынакай, жарашыктуу кийинген борт коштоочуларды көргөн учурда пайда болгон. Алдыда ушул багытта билим алайын деген максатым бар. Ал эми бул кесип өзү 5-10 жылдык контрактынын негизинде жүргүзүлгөндүктөн, андан кийин кайра чыгармачылыкты улантсам деп ойлойм. Комуз үйрөтүүчү, хореограф катары эмгектенүүнү каалайм.

— Комузчулардын арасынан кимдерди баалайсың?

Кыргыз элинин чыгаан комузчулары - Токтогул Сатылганов менен Атай Огонбаевди баалайм. Алардын чыгармалары өтө кооз жана ошол эле маалда өтө оор. Аларды үйрөнүү дагы оор.

WhatsApp Image 2025-10-21 at 13.01.06.jpeg