Кундуз аткандарга 20 миң сом айып: Мыйзамсыз аңчылыкка каршы рейд күчөтүлдү

Коом Загрузка... 09 Июнь 2026 11:18
718943179_992446896741773_2169191763852857921_n (1).jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 09.06.26. /Кабар/. Өлкө аймагында мыйзамсыз аңчылыктын алдын алуу жана жаратылышты коргоо максатында рейддер күчөтүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Аныкталган мыйзам бузуу фактылары тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

Буга байланыштуу министрлик Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды мыйзамсыз жок кылгандыгы үчүн мамлекетке төлөнүүчү айып пулдардын өлчөмүн эскертет:

  • ортоазиялык кундуз жана мензбир сууру үчүн — 20 миң сом;
  • брандт кирписи, суусар, чаар күсөн жана жейрен үчүн — 10 миң сом;
  • узун ийнелүү кирпи, суу чычкан, кол канаттуу жарганаттардын сейрек түрлөрү жана кош аяктар үчүн — 10 миң сом.
"Жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырабыз. Эгерде мыйзамсыз аңчылык же браконьерлик фактыларына күбө болсоңуз, 108 ишеним телефону аркылуу кабарласаңыз болот. Маалымат берген адамдардын купуялуулугуна толук кепилдик берилет", — деп айтылат маалыматта.