Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Кыргызстан менен Кытайдын жаштары панда менен ак илбирсти коргоо демилгесин көтөрүштү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-майда Кытайдын Сычуань провинциясындагы Аба округунун Жоаргай саздуу аймагында Кытай-Кыргыз жаштарынын гуманитардык алмашуу программасынын алкагында "Панда – Илбирс" коргоочуларынын сунуш документин ишке киргизүү аземи өттү.
"Бул экологиялык демилге эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, жаштардын жаратылышты коргоо багытындагы аң-сезимин жогорулатууга жана эки өлкө арасындагы гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.
Иш-чаранын алкагында эки өлкөнүн жаштары Кытайдын символу болгон панда менен Кыргызстандын символу болгон ак илбирстин сүрөттөрүн тартышып, жапайы жаратылышты сактап калуу боюнча өз ойлорун ортого салышты. Катышуучулар сейрек кездешүүчү бул жаныбарларды коргоо жалпы адамзаттын милдети экенин баса белгилешип, жаш муунду айлана-чөйрөгө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө чакырышты.
Ошондой эле жаштар бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы достук мамилелерди жаңы деңгээлде чыңдоонун маанилүү көпүрөсү болуп калаарын билдиришти.