Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры июнь айына карата репертуарын жарыялады.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, бул айда кичинекей көрүүчүлөрдү жана театр сүйүүчүлөрүн кызыктуу жомоктор гана эмес, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган жаңы премьера күтөт.
Театрдын администрациясы билдиргендей, айдын башкы жаңылыгы – "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" спектакли. Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча даярдалган бул сахналык туунду көрүүчүлөргө өзгөчө сезимдерди тартууламакчы.
Июнь айынын репертуары:
- 6-июнь:
- 11:00 – "Падыша Салтан жөнүндөгү жомок" (кирүү акысыз);
- 18:00 – "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" (премьера).
- 7-июнь:
- 11:00 – "Деревяшки. Пиноккионун шаары";
- 12:30 – "Пиноккионун жыгач шаары";
- 18:00 – "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" (премьера).
- 13-июнь:
- 11:00 – "Пиноккионун жыгач шаары";
- 12:30 – "Деревяшки. Пиноккионун шаары";
- 18:00 – "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" (премьера).
- 14-июнь:
- 11:00 – "Деревяшки. Пиноккионун шаары";
- 12:30 – "Пиноккионун жыгач шаары";
- 18:00 – "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" (премьера).
- 20-июнь:
- 11:00 – "Алдар Көсөнүн жоруктары";
- 12:30 – "Карлик Нос".
- 21-июнь:
- 11:00 – "Карлик Нос";
- 12:30 – "Алдар Көсөнүн жоруктары".
Көрсөтүлгөн спектаклдерге билеттердин баасы 200 сомду түзөт. Ал эми "Деңиз жээгинде чуркаган ала ит" жана "Пиноккионун жыгач шаары" спектаклдерине кирүү акысы 500 сом.