Кыргызстан — Евразиянын жүрөгү: Өлкөнүн транзиттик потенциалы жана кытайлык инвестиция

ШКУ Загрузка... 06 Июль 2026 17:50
716a294b-667e-4d65-b48c-a4da5d5799bb.png

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Бүгүнкү күнү Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрү уюмга мүчө болгон ар бир өлкө үчүн реалдуу көрсөткүчтөргө айланды. Бир эле Кытайдын Борбор Азия менен соода жүгүртүүсү 100 млрд доллар чегинен ашты. Анын төрттөн бири (27,2 млрд доллар) Кыргызстандын үлүшү. Эки өлкөнүн башчылары бул сумманы алдыдагы төрт жылда 45 миллиардга жеткирүү ниетин коюшту. Өз кезегинде биздин өлкө Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү концепциясын чечкиндүү түрдө илгерилетүүдө.

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы жигердүү ишмердиги аркылуу Европа менен Азиянын ортосундагы географиялык ордун экономикалык артыкчылыкка айландыруу аракетинде. Буга Кытай менен болгон экономикалык кызматташтыктын жыйынтыктары дем берүүдө десе болот. Алсак, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Бишкек Кытайдын кубаттуу инвестициялык агымын өзүнө бурууга жетишти. Жыл сайын орточо 280–290 миллион доллар түз инвестиция тартылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу жана "жашыл" энергетика баштаган ири долбоорлор бизге миллиарддаган доллар капитал алып келүүдө.

Кытай менен Борбор Азиянын 2025-жылдагы жалпы товар жүгүртүүсү 106,3 млрд долларды (+12%) түзсө, анын төрттөн биринен ашыгы Кыргызстандын үлүшүнө туура келет.

WhatsApp Image 2026-07-06 at 17.40.25
“Бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамилелердеги жаңы тарыхый бийиктикти расмий түрдө белгилеген олуттуу көрсөткүч”, - деди КЭРдин Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин.

Чындыгында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода жогорку динамиканы көрсөтүүдө.

  • Кыргызстан Кытайдын Борбор Азиядагы экинчи соода өнөктөшү.
  • Кытайдын регион менен соода жүгүртүүсүнүн 25%га жакыны Кыргызстандын үлүшүнө туура келет.
  • Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы соода 27,2 миллиард долларга (+20%) чыгып, жаңы тарыхый максимумга жетти.
  • Өсүү ыргагы Борбордук Азиядагы эң жогорку көрсөткүчкө айланды.
  • Кыргызстандан Кытайга импорт 86%га көбөйдү.

Айтмакчы, Кытай Кыргызстандын экономикасындагы эң ири инвесторлордун бири, келген түз инвестициянын дээрлик 40 пайызын түзөт. Жогорудагы көрсөткүчтөрдүн артында Кыргызстандын экономикасынын логистикадан баштап жашыл энергетикага чейинки долбоорлору турат.

  • Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулууда. Кытайдын үлүшү 51%, салымы 3,53 млрд доллар.
  • Барскоон-Бедел-Үчтурпан-Аксу автожолу курулууда.
  • Кыргыз-кытай чек арасында “Бедел” өткөрмө бекети курулууда.
  • Бишкекте кытайлык автобустар жүрүүдө.
  • Бишкек таштанды жагуучу заводу ишке берилди.
  • Чүй облусунда 100 МВт кубаттуулуктагы фотоэлектр станциясы иштеп жатат.
  • Кыргызстандын кургак мөмө-жемиштери, балы кытай рыногунда суроо-талапка ээ.

Жалпысынан Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык өнөктөштүк инфраструктуралык, транспорттук жана энергетикалык долбоорлорго багытталган.

Кыргызстан-Евразиянын жүрөгү макамы

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун ядросу катары белгилүү. Буга өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири, ошондой эле уюмдун Кытай, Россия жана Борбордук, Түштүк Азиянын стратегиялык маанилүү жолдорунун кесилишинде жайгашкандыгы себеп.

Кыргызстандын андан ары Чыгыш менен Батыштын экономикалык кызыкчылыктарын байланыштырган борбордук түйүнгө айлануу потенциалы бар. Бул жагдайларды эске алуу менен биздин өлкөнүн бийлиги Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү концепциясын жигердүү демилгелеп жатат. Анын башкы артыкчылыгы транзиттик жана логистикалык маанисинде. Алсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу Кыргызстан аркылуу өтөт. Бул долбоор Шанхай кызматташтык уюму тарабынан расмий түрдө Азиядан Европага жана Жакынкы Чыгышка чейинки жолду кыскарткан бүткүл евразиялык транспорттук түйүн үчүн жаңы хаб катары таанылды. Темир жолдун арты менен биздин өлкө эл аралык сооданын маанилүү түйүнүнө айланат жана өзү да Европага чыга алат. Бир эле учурда кыргыз жери логистикалык ири борборлордун региону макамына жетет. Жол болсо экономика да болот. Инвесторлор үчүн биздин чөлкөмдөй туруктуу, өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен иштешүү келечектүү экени маалым.

Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү аталышындагы Шанхай кызматташтык уюмунун Бишкекте өткөн Инвестициялык бизнес форумунда Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров инвесторлор үчүн түшүнүктүү жана узак мөөнөттүү шарттарды түзүүнүн жыйынтыгы ийгиликтүү болуп жатканын билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-06 at 17.40.51
“Акыркы үч жылдын ичинде 12,6 миллиард АКШ долларына 78 инвестициялык макулдашуу жана 4,2 миллиард АКШ долларына мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча 45 макулдашуу түзүлдү. Жаңы долбоорлордун жалпы инвестициялык куржуну (портфели) 23 миллиард АКШ долларынан ашат. Мындан сырткары, МЖӨ алкагында баасы 434 миллиард сомдон ашкан 90 долбоор ишке ашырылууда”, - деди Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Форумдун жүрүшүндө жалпы суммасы 150 миллион долларды түзгөн 12 инвестициялык жана соода келишимине кол коюлду. Биздин өлкөнүн жетекчилери мурда болуп көрбөгөндөй инвестициялык жигердүүлүктү көрсөтүп жатканына караганда Кыргызстан үчүн бул чек эмес.

Кыргызстан менен Кытай өз ара товар жүгүртүүнү 45 млрд долларга чыгарат

Кыргызстан менен Кытай башчылары 2025-жылы дээрлик 3 жолу жолугушту. Алардын биринде, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуусунда 20дан ашык эки тараптуу документтерге кол коюлган. Анын башында 2030-жылга чейин Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмүн 45 миллиард долларга жеткирүү боюнча аракеттерди көрүү маселеси турат. Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн биринчи кезекте транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоо, чек арадагы тоскоолдуктарды алып салуу, өз ара инвестиция үчүн шарттарды жакшыртуу зарыл.

Ошондой эле Кыргызстан капитал менен катар заманбап технологияларды, жаңы өндүрүштөрдү жана экспортко багытталган ишканаларды алып келиши керек. Ошондо Кыргызстан чыныгы мааниде Евразиянын жүрөгүнө айланат. Бул туурасында Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев билдирди. Ал 10 жылдан ашык убакыттан бери чет өлкөлүк капчыктуулар менен иштешип келет.

WhatsApp Image 2026-06-17 at 13.02.10 (1).jpeg
“Кытайлык инвесторлор менен иштөөнүн эң негизги өзгөчөлүгү – гуаньси башкача айтканда, ишенимге, узак мөөнөттүү мамилеге жана абройго негизделген өнөктөштүк. Алар адегенде өнөктөшкө ишенет, андан кийин гана долбоорго инвестиция салат. Ошондуктан Кыргызстанда да туруктуулук, жоопкерчилик жана берилген убаданы аткаруу маданияты өтө маанилүү.
Ошол эле учурда биз Кытайдан келген ар бир инвесторду бирдей кабыл албашыбыз керек. Артыкчылык ири шаарларда жайгашкан, фондулук биржаларда катталган, корпоративдик башкаруусу жогорку деңгээлдеги компанияларга, ошондой эле Кытайдын Соода министрлиги, Соода-өнөр жай палаталары жана алдыңкы университеттер сунуштаган ишенимдүү өнөктөштөргө берилиши зарыл. Бул инвестициялардын сапатын жана коомдун ишенимин арттырат.
Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстан – Евразиянын жүрөгү деген түшүнүк жөн гана географиялык аныктама эмес. Бул биздин Кытай менен Борбор Азияны, ЕАЭБди жана келечекте Европаны байланыштырган логистикалык жана инвестициялык борбор болуу мүмкүнчүлүгүбүз. Эгер транспорттук инфраструктураны, индустриалдык парктарды жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрө алсак, 2030-жылга карата товар жүгүртүүнү 45 млрд долларга жеткирүү максаты реалдуу көрүнөт”, - деди Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы Кайрат Итибаев.